Азамат Эстебесов абактан уюлдук телефондон кат жазып, мурдагы жубайы Асел Ногойбаеваны коркуткан окуя боюнча Жаза аткаруу кызматына караштуу №3 абактын үч кызматкери дисциплинардык жазага тартылды. Бул тууралуу Асел Ногойбаеванын адвокаты Индира Саутова билдирген.
«“Кылмыштын курама жок” деген негиз менен үч кызматкерге дисциплинардык эле жаза каралыптыр. Эгерде ушундай жеӊил жаза берилсе анда абакта отургандардын уюлдук телефон колдонгон маселеси жакында чечилбейт. Муну прокуратура өзү көзөмөлгө алышы керек”, – деди ал.
Индира Саутова №3 абакта жаткан Азамат Эстебесов Асел Ногойбаевага буга чейин коркутуп кат жазганын айтып, июль айында окуя боюнча Атайын прокуратурага арыз берген.
Бирок ишти Жаза аткаруу кызматы өзү карап, ички иликтөө жүргүзгөн. Мекеме окуя тууралуу маалымат бере элек.