• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ноокат жолу сентябрга чейин бүтпөсө министр иштен кетеби?

20 Теке 202313:56 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Ноокат районундагы тамтыгы чыккан жол 31-августка чейин оңдолуп бүтпөсө, транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев кызматтан кетет. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

«Ноокат жолу 31-августка чейин бүтүшү керек. Бир ай 12 күн убактыңыз калды. Эгер бүтпөй калса 1-сентябрда арыз жазасыз билесиз ээ, экөөбүз сүйлөшкөнбүз», — деп кайрылды Ташиев.

Количество просмотров: 169