• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ноокатта 21 жаштагы келин асынган абалда табылган

4 Жалган куран 202617:25 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Ноокат районунда 21 жаштагы келин асынып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук милицияга 20-февраль күнү Көк-Бел айыл аймагынын 2005-жылы туулган А.А. аттуу тургуну өзүнүн үйүндөгү мал сарайда асынып каза болгону жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатканын кабарлады.

Количество просмотров: 219