Ноокаттагы өз жанын кыйган кыз боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү Ноокат шаардык милиция бөлүмүнө милициянын аймактык тескөөчүсү ыкчам маалымат алып, бул боюнча билдирүү менен кайрылган. Анда 4-апрель күнү Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылынын тургуну 2009-жылы төрөлгөн окуучу өз үйүндө жипке асынып, каза болгондугун билдирген.
Жогорудагы маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук китебине катталып, төмөндөгүлөр аныктаган:
«Маркум 2009-жылы туулган А. А. Ноокат районунун Мирмахудов айыл аймагына караштуу Арал айылында туулуп өскөн. Бүгүнкү күндө ата-энеси менен чогуу жашап жаткан. Райондун аймагындагы мектептердин биринде 8-класстын окуучусу. Окуя болгон күнү кырсык боюнча жакындары тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирген эмес. Маркум А. А.нын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок себеби ата-энеси жана туугандары тиешелүү мекемелерге маалыматтарды бербегендиктен 4-апрель күнү каза болгон маркумду жерге берип койгондугу аныкталды»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.