• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ноокатта опузалап акча талап кылган эки адам кармалды (сүрөт)

10 Бирдин айы 2021 9:59 Бишкек Govori.TV

Ноокатта опузалап акча талап кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-февраль күнү Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын Беш-Коргон айылынын тургуну, 1979-жылы туулган А. Р.ди М. жана И. аттуу жарандар коркутуп, 40000 (кырк миң) сом акча опузалап жаткандыгы боюнча Ноокат РИИБне арыз менен кайрылган.

Аталган арыз Ноокат РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу, алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу менен) сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында жогорудагы 2 жаран 14000 (он төрт миң) сом акча алып жаткан жеринен Ноокат РИИБдин Экстремизимге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери жана ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы отрядынын кызматкерлери 2021-жылдын 9-февраль күнү жүргүзгөн ыкчам иш-чаралары учурунда шектүүлөр кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кармалган шектүүлөр: Ноокат районунун Көк-Бел айылынын тургуну, уюшулган кылмыштуу топко катышы бар катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турган 37 жаштагы К. И. С., (ал 2014-жылы декабрь айында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси боюнча каракчылык фактысы менен кармалып, Ош облустук соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы октябрь айында Ош шаарындагы №42 түзөтүү мекемесинде 3 жылдык эркинен ажыратылып ошол жерде мөөнөтүн өтөп жаткан)», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми экинчи шектүү Ноокат районунун Чечме-Сай айылынын тургуну, 33 жаштагы И.М.Р., (ал 2020-жылдын декабрь айында КРнын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен Ош шаардык соту тарабынан соттолуп, 2 жылга пробациялык мөөнөтүн өтөп жаткан).


Количество просмотров: 204