• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга 667 адам жана 61 техника тартылды (сүрөт)

1 Теке 2024 13:48 Бишкек Govori.TV

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга 667 кызматкер жана 61 техника тартылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 1-июль күнү Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар, Гулистан, Кулатов, Исанов айыл аймактарында селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштерине ошондой эле Жол тейлөө мекемесинин карамагындагы сел алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүүгө ӨКМден 174 куткаруучу, 14 техника (6 самосвал, 4 экскаватор, 3 тралл, 1 кран) тартылды.

Жарандык коргонуу кызматтарынан 143 кызматкер, 23 техника жергиликтүү тургундардан 350 адам, айыл аймактан 24 техника тартылган.

Жалпы 667 адам 61 техника менен селдин кесепеттерин жоюу ишин жүргүзүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 87