• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ноокатта суу каналдарына бетон катмары орнотулууда

30 Жалган куран 202612:04 Бишкек Govori.TV

Ноокатта суу каналдарына бетон катмары орнотулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районундагы «Грейд-Шарон» жана «Федоров» каналдарына жаңы технология менен бетон катмары төшөлүп жатат. Бетон төшөлмөсү жалпы 1700 метр аралыкка төшөлөт. Бул жумуштарга жалпысынан 20 млн 500 миң сом жумшалат.

Аталган иштерди райондук суу чарба башкармалыгы жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 151