Ош облусунун прокуратурасы тарабынан соттук актылардын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Ноокат шаарында 48 батирлүү үй 0.48 га жер тилкеси менен Ноокат шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке тарапка мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталып, сот органдарына доо арыз келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Доо арыз сот органдары тарабынан канааттандырылып, мыйзамсыз түзүлгөн келишимдер жараксыз деп табылган.
Натыйжада Ош облусунун прокуратурасы тарабынан прокурордук акт келтирилип, кароонун жыйынтыгында 93 миллион 221 миң сомго бааланган 48 батирлүү үй 0.48 га жер тилкеси менен Ноокат шаарынын муниципалдык балансына алынды.