• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Прокуратура паракор аскер комиссарларын кылтакка түшүрдү

18 Бештин айы 202410:19 Бишкек Govori.TV

КР Аскер прокуратурасы тарабынан УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Бишкек шаарынын Ленин районунун аскер комиссары К.Н.С. жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун аскер комиссары Ж.Ж.Ж. коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Аталган кызматкерлер системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу схемасын уюштуруп, милдетүү аскер кызматынан качуу максатында аскерге чакырылуучулардан жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн акча алышкан. Ошондой эле мобилизациялык резерв боюнча жыйындарга кирүү үчүн талапкерлердин тизмесине киргизүүдө да акча опузалоо фактылары аныкталган.

Кармалгандар Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилип, тергөө амалдары КР Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 182