Ош облусунун Ноокат районунун акими Данир Иманалиев өз каалоосу менен кызматынан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ал бүгүн 22-ноябрда “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Ал районду 2 жыл 6 ай башкарганын айтты жана жасалган иштерди тизмектеди.
Иманалиев Ноокатка башчы болуп 2021-жылы май айында дайындалган. 2020-жылы ал парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп катышкан.