• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ноокенде 12 жаштагы баланы үйүлгөн пахта басып калып каза болду

29 Тогуздун айы 2018 16:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 29.10.2018. Govori.TV
Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда 12 жаштагы бала үйүлгөн пахтанын алдында калып набыт болду. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 27-октябрда Сакалды деген айылда болгон.
«Өспүрүм кошуна үйдө жыйылган пахтанын жанында ойноп жаткан. Баланы үйүлүп турган 3 тонна кебез басып калып, ал тумчугуп каза болгон», — деп жазылат маалыматта.
Айрым билдирүүгө караганда, баланын ата-энеси Орусияда экени айтылууда.
Количество просмотров: 12