• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Нооруз күнү 28 мас айдоочу кармалды

22 Жалган куран 2023 15:39 Бишкек Govori.TV

Нооруз майрамы күнү өлкө аймагында 28 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-мартта өлкө аймагында 2608 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 138 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.

Алардын ичинен:

-Коопсуздук курун тагынбагандар 710 айдоочу;

-Унаа башкарууда тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар 31 айдоочу ;

-Белгиленген ылдамдыктан ашырып айдагандар 394 айдоочу ;

-Мас абалында унаа башкаргандар 28 айдоочу ;

-Башка эреже бузуулар 1445 .

Количество просмотров: 466