• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бир жумада 264 мас айдоочу кармалды

6 Жетинин айы 2023 11:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында 30-октябрдан 5-ноябрга чейинки аралыкта 18 миң 711 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 262;
  • мас абалында рулга отуруу — 264;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 42;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 922;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 781;
  • автоээнбаштык — 4;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 955;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 733;


Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 541 автоунаа айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 145