• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ноорузду масштабдуу белгилөө үчүн даярдыктар жүрүүдө (видео)

19 Жалган куран 202413:37 Бишкек Govori.TV

Жаз майрамынын урматына 20-22-мартка чейин масштабдуу иш-чаралар өтөт. Ал эми Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында учурда даярдык иштери кызуу жүрүп жатат.

Бишкек мэриясы «Нооруз-2024» жаз майрамына арналган майрамдык программа даярдады.

20-мартта саат 13:00дө Ала-Тоо аянтында улуттук спорт оюндары башталат.

Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат.

21-мартта саат 09:00дө Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара өтөт. Саат 12:15тен 22: 00гө чейин эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт.

22-мартта саат 10:00дө Улуттук спорттук оюндар башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарды концерт күтөт.

Теги:
Количество просмотров: 118