• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Норвегиядан 45 казак жаранын депортациялады

1 Тогуздун айы 2019 9:16 Бишкек Govori.TV

Норвегия миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 45 казак жаранын депортациялады. Бул тууралуу 30-сентябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

Анын айтымында, Норвегияга иштегени барган 59 казак жараны бул өлкөгө туристтик виза менен киргени аныкталган. «Алардын 45и Казакстанга жөнөтүлдү, дагы 14ү шейшембиге караган түнү депортацияланат деп күтүлүүдө», — деди басма сөз катчы.

Буга чейин новегиялык VG басылмасы Эйдсволл аймагында миграциялык мыйзамдарды бузган деген шек менен 67 киши кармалганын билдирген. Анда алардын арасында алты кыргызстандык жана эки орусиялык бар экени кабарланган.

Количество просмотров: 47