Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Новиков Артем Эдуардович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.