• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Новиков Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды

20 Бугу 202110:31 Бишкек Govori.TV

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине ылайык, Аалиев Азиз Кубанычбекович Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Буга катар Новиков Артем Эдуардович 3 жылдык мөөнөткө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Количество просмотров: 178