Ноябрь айында кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5-6-ноябрь ишемби, жекшемби күнгө туура келет. Ал эми 7- 8-ноябрь Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп белгиленген.
Буга байланыштуу 5-6-7-8-ноябрь күндөрү дем алыш болот.