• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Нур-Султан шаарында дагы 14 адамдан коронавирус табылды

17 Жалган куран 202015:10 Бишкек Govori.TV

Нур-Султан шаарында дагы 14 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Казакстан Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов казак ЖМКларына маалымдаган. “Нур-Султанда да дагы 14 бейтаптан коронавирус жуктурганы белгилүү болду, диагнозу аныкталып, карантинге жаткырылды. Алар менен байланышкан адамдардын бардыгы такталып жатат“,- деп билдирген министр.

Азыркы тапта Казакстанда жалпысынан 27 адамга коронавирус жукканы аныкталды.

Бүгүн эрте менен Алматыда 3 адамдан коронавирус табылганы маалымдалган болчу.

Количество просмотров: 355