• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нур-Султанда жарандар ипотекалык карыздарды азайтууну талап кылышты

5 Бирдин айы 2020 10:23 Бишкек Govori.TV

4-февралда Нур-Султанга Казакстандын бир нече шаарларынан келген 23 киши ипотека боюнча карыздарын үстөгүн азайтууну сурашты. Жүрүшкө чыккандар казак президентинин резиденциясына барууга бет алышканда, полиция алардын жолун тороп калды.

Активист Канагат Такееванын айтымында, жүрүштүн катышуучулары карызды “карапайым адамдар төлөй ала турган деңгээлге түшүрүп”, азыркы жана мурунку президент менен жолуктурууну талап кылышкан.

Президенттин администрациясынын алдына чогулгандарга эч ким чыккан жок. Чогулгандар бир нече саат турушкан соң, шаршемби күнү эртең менен кайра чогулмай болушуп тарап кетишти.

Казакстанда 2007-2008-жылдары экономикалык каатчылыктан улам көптөгөн кишилер ипотекаларын төлөй албай калган. 2014-2015-жылдары улуттук валюта кунун жоготкондон кийин насыяларды жабуу ого бетер кыйындаган.

Количество просмотров: 77