Бишкектин Маликов 91 дарегинде жайгашкан “Мурас” турак жай комплексинен 1080 батир ээлерине тапшырылды. Тапшыруу аземине президент Садыр Жапаров катышты.
Мамлекеттик ипотекалык компаниясы белгиленгендей, экинчи этап аркылуу 8 блоктон турган, 64 672 чарчы метрди түзгөн төмөндөгүдөй санда батирлер берилди:
Белгилей кетсек, долбоор 39 блоктон турган, жалпы 4 754 батирди камтыган турак жай комплексин курууну көздөйт. Буга чейин 986 батир жайгашкан 11 блок пайдаланууга берилген.
Экинчи этап пайдаланууга берилгенден кийин, тапшырылган батирлердин жалпы саны 2 066ны, ал эми курулуштун калган көлөмү 2 688 батирди түзөт.
Долбоор 2024-жылы старт алып, аны ишке ашыруунун болжолдуу наркы 4 млрд 166 млн сомду түзөт.