• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нур-Султанда жарандык эркиндик үчүн митинг өтүүдө

27 Жетинин айы 2019 18:10 Бишкек Govori.TV

27-ноябрда Нур-Султан шаарында бир нече активист Европа биримдигинин (ЕБ) өкүлчүлүгүнүн алдында чогулуп, дипломаттардан алардын арыз-муңун угуп, кайрылууларын кабыл алууну сурашты.

Чогулгандар укуктары жана эркиндиктери чектелип, куугунтукталып, митинг өткөрүүгө уруксат берилбей жатканын билдиришти.

Активисттер ЕБ өкүлчүлүгүнүн алдында эки күндөн бери пикет өткөрүшүүдө. Кечээ акция үч саатка созулган. Евробиримдик өкүлдөрүнөн эч ким алар менен жолуккан эмес.

Нааразылыкка катышкандар “Саясий туткундарга боштондук”, “Кытай экспансиясына жол жок” деген ураан чакырышууда. Алар Кытайдан качып келген казактарды артка кайтарбоону да өтүнүшүүдө. Катышуучулардын пикиринде, адам укуктары жана эркиндиктери камсыздалмайын, ЕБ Казакстан менен кызматташууну токтотушу керек.

Еврокомиссия тарабынан быйыл май айында кабыл алынан “ЕБнын Борбор Азиядагы стратегиясына” ылайык, биримдик аймакта демократия, адам укуктары жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо багытында иш алып барат.

2017-жылы декабрда Европарламент Казакстан менен кеңири кызматташуу боюнча келишим түзөн. Документте бир катар тармакта, анын ичинде экономика жана соода багытында кызматташуу каралган. Укук коргоочулар ЕБ макулдашуунун шарты катары өлкөдө адам укуктары менен эркиндиктеринин камсыздалышын талап кылышы керек экенин билдиришкен.

Количество просмотров: 62