Бир жаран илдетти жугузуп алуу беренеси боюнча кармалды, аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Нурдинов билдирди.
«Тилекке каршы, ал ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан тууган-урук, тели-теңтуштары жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышып жуктурган. Азыр ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин камакка алынат», — деп билдирди Нурдинов.