• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нурлан Өмүркул уулу: Президент коррупцияга каршы күрөшөм дегенден кийин, мен айта баштадым

15 Жалган куран 2018 10:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.03.2018. Govori.TV.

ТЭЦтеги авариядан соң чыныгы себебин айткандын эртеси жумуштан алышты, деп бүгүн маалымат жыйында ТЭЦтин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу айтып чыкты.

«Президент коррупцияга каршы күрөш баштайм дегенден кийин коррупция боюнча айта баштадым. Коррупцияны тийиштүү органдар табат. Мен колумдагы документтерди көргөзүп жатам»,- деди  Нурлан Өмүркул уулу.

«Мен ТЭЦтеги авариядан соң чыныгы себебин айткандын эртеси жумуштан алышты. Күндүз АКС кармап кечки 11ге чейин кармап турушту. Кечинде чыгып кызматтан алынганымды билдим. Менин Калиев менен байланышууга аракетиме Калиев терс жооп берди. Мекемелер аралык комиссияга да чакырбай коюшту. Барып чакыргыла десем сенсиз эле чечип алабыз, сенин керегиң жок деди. Мындан кийин иш каякка кетип баратканын билим МККларга чыктым»,- дейт Нурлан Өмүркул уулу.

Эксерте кетсек, Бишкек ЖЭБдин мурдагы директору Govori.TV. порталына ЖЭБдеги авариянын негизги себептери тууралуу маек курган.

Нурлан Өмүркул уулу Жылуулук электр борборун жаңылоодо алынган айрым аспаптар да өз баасынан бир нече эсе кымбатка сатылып алынганын, бир эле аттиштин баасы 600 доллар деп көрсөтүлгөнүн айтып чыкты. «Электр станциялары» ишканасы Өмүркул уулунун бул маалыматын четке каккан жок.

Социалдык түйүндөрдө Бишкек ЖЭБине 128 видеокамера орнотуш үчүн 1,8 млн. доллар сарпталганы тууралуу маалымат кызуу талкууланып, нааразылык туудурууда.

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген ири суммадагы каражаттын максаттуу сарпталганы жөнүндө суроо жараткан.

Жылуулук электр борборун жаңылоодо жана кытайлык TBEA компаниясы менен келишим түзүүдө кемчиликтер орун алганын Эсеп палатасы жана депутаттык комиссия аныктаган. ЖЭБди жаңылоого берилген 386 млн. доллар Кытайдын Кыргызстанга берген карызы болуп эсептелет.

 

Количество просмотров: 39