• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нурланбек Шакиев: «Өлкөдө саясий өзгөрүүлөр болбойт, парламент тарабайт»

18 Аяк оона 202411:46 Бишкек Govori.TV


«Өлкөдө саясий өзгөрүүлөр болбойт», — деп билдирди Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 18-сентябрда парламенттин жыйынында.

«Акыркы күндөрү кээ бир саясатчылар, ушакка жакын адамдар өлкөдө өзгөрүүлөр болот, референдум болот, парламент тарайт, депутаттардын саны кыскарат, саясий өзгөрүүлөр болот деген кептерди таратып жатышат. Мунун баары жалган. Бизде саясий туруктуулук бар, бул жогорку экономикалык көрсөткүчтөрдү камсыз кылат. Демек, эч кандай саясий өзгөрүүлөр болбойт», — деди ал.

Анын айтымында, 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктар жүрүп жатат. «Биз аларды ачык-айкын өткөрүшүбүз керек», — деп кошумчалады ал.

«Эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Баары мыйзам чегинде болот». Шакиев бул маселе боюнча эртең менен президент менен сүйлөшкөнүн да айтты.

Количество просмотров: 96