• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

ЖК гимнди өзгөртүү маселесин күн тартибинен алып салды

11 Кулжа 202617:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу маселесин күн тартибинен алып салды.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Дастан Бекешев менен Элвира Сурабалдиева мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесинен баш тартууну сунушташты. Андан соң депутат Гүлнара Акимбаева маселени кошумча иштеп чыгып, кайрадан даярдап келүү зарылдыгын белгиледи. Ал документти күн тартибинен алып салууну сунуштап, бул демилгени депутаттар колдоду.

Парламент жаңы гимнди жаратуу боюнча сынак өткөрүү жөнүндөгү токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган. Минкаб ачык сынактан баш тартууну жана чыгармачыл бирликтерге өз сунуштарын 2026-жылдын 1-декабрына чейин берүүнү тапшырууну сунуштады.

Количество просмотров: 19