• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нурсултан Назарбаев видео кайрылуу жасады

18 Үчтүн айы 2022 17:26 Бишкек Govori.TV

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев өз элине видео кайрылуу жасады. Ал 2019-жылы президенттин ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенин, ошол кезден бери пенсонер катары жашап жатканын жана эч жакка кетпегенин билдирди.

«Январь айындагы окуялардын максаты өлкөнүн бүтүндүгүн бузуу экендигин көрсөттү. Өлкөнүн көз карандысыздыгын сактоо канчалык маанилүү экенин көрдүк. Эми бул тополоңдорду ким уюштурганын аныктоо керек. Бардык көз жумгандардын жакындарына көңүл айтам, башаламандыкта жаракат алгандарга сакайып кетүүнү каалайм. Мен 2019-жылы президенттин ыйгарым укуктарын Касым Жомарт Токаевге өткөрүп бергем, ошондон бери пенсиядамын. Өлкөдөн эч жака чыгып кеткен жокмун» , — деди Назарбаев.

Казакстанда жыл жаңыргандан тарта бийликке каршы нааразылыктар башталган. Бул акциялар 5-январдан тарта башаламандыкка айланды. Акыркы маалыматтарга ылайык, Казакстанда тополоңго байланыштуу кармалгандардын саны 10 миңден ашты. Мындан сырткары 225тей адамдын каза болгону кабарланды. Казакстанда өкмөт алмашып, Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге өзү өткөрүп берген.

Количество просмотров: 518