• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Назарбаев менен Путин Москвада жолукту

21 Бештин айы 2023 9:15 Бишкек Govori.TV

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев өткөн аптанын соңунда орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушканы тууралуу маалыматтарды бышыктады.

Анын айтымында, Москвадагы кездешүү «жеке мүнөздө» болду. Бирок сүйлөшүүнүн максаты жана мазмуну маалымдалган жок.

Назарбаевдин расмий каналдары Москвага сапар тууралуу жазган эмес.

Ulysmedia басылмасы расмий эмес кездешүү 19-декабрда экс-президенттин демилгеси менен өткөнүн кабарлады. 18-декабрда орусиялык Телеграм-каналдар Назарбаев Москвага барганын, Путин менен кездешүүсү пландалганын билдиришкен.

«Ведомости» орус президентинин Назарбаев менен буга чейинки кездешүүсү былтыр июнда Москвада болгонун эске салат. Анын алдында өткөн референдумда мурдагы мамлекет башчы тууралуу жоболор, берилген артыкчылыктар Конституциядан алынган.

«Независимая газета» ошондо эксперттерге таянып, Назарбаев «жеке кепилдиктерди камсыздоодо орус лидеринин колдоосун алууга келгенин» жазган.

2019-жылы Назарбаев бийликтен кеткенин жарыялап, президенттик кызматты өзүнүн кишиси, парламенттин сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергени менен өлкө башында кала берген.

Бирок 2022-жылдын январындагы кандуу окуядан кийин Токаев Коопсуздук кеңешиндеги төрагалыкты өзүнө алган жана Назарбаевдин таасири алсыраган. Ошондон кийин ал эл алдына сейрек чыгып калды.

Количество просмотров: 75