• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Прокурор Назарбаевдин тууганын 6 жылга кесүүнү сурады

23 Аяк оона 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Прокурор  соттон Кайрат Сатыбалдыны үй-мүлкүн конфискациялоо менен 6 жылга эркинен ажыратууну жана 10 жылга чейин мамлекеттик иштөөсүнө тыюу салууну сурады.

Мамлекеттик айыптоочу ошондой эле анын “Казакстандын улуттук коопсуздук кызматынын генерал-майору” наамынан ажыратууну, “Курмет”, “Парасат” деп аталган мамлекеттик ордендерин алып салууну өтүндү.

Жабырлануучу тараптын өкүлү сотто “чыгымдын орду толтурулганын” айтып, жарандык доону кароосуз калтырууну сурады.

Соттук кароо учурунда Кайрат Сатыбалды “Казахтелеком” компаниясына жана “Транспорттук сервис борборуна” 12 миллиард теңге жана 28 миллиард тенге чыгымды төлөп бергени маалым болду.

Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал Борбор калаанын акиминин орун басары болгон, улуттук «Казахойл» жана «Казахстан темир жолы» компанияларын жетектеген. 2010-2015-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген «Нур Отан» партиясынын борбордук аппаратында жүргөн. Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча Кайрат Сатыбалды өлкөдөгү эң таасирдүү бизнесмендердин тизмесине кирген. Кайрат Сатыбалды мартта кармалган, ошондон бери камакта.

Количество просмотров: 89