Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандын Австриядагы Элчиси жана ишин айкалыштыруу менен ЕККУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Шайлдабекова Нуржана Кармабековна Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.