• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Нью-Йоркто судья Трампка өкүм чыгаруу датасын жылдырды

3 Теке 2024 17:56 Бишкек Govori.TV

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка документтерди фальсификациялоо иши боюнча сот өкүмүн чыгаруу 18-сентябрга жылдырылды.

Бул тууралуу шейшембиде Нью-Йорктогу сот жараянына төрагалык кылган судья Хуан Мерчан билдирди.

11-июлда чыга турган өкүм АКШнын Жогорку сотунун президенттер расмий түрдө жасаган аракеттери үчүн куугунтукка алынбайт деген чечиминен кийин кийинкиге жылды.

Трамп порнографиялык жылдызга акча берип, экөөнүн ортосунда он жыл мурда болгон интимдик катнаш тууралуу иштин жигин билгизбей жабууну көздөгө, акчаны шайлоо кампаниясынан мыйзамсыз бөлүүгө айыпталууда.

Трамптын адвокаттары судьяны өкүм чыгаруу датасын жылдырып гана тим болбой, сот арачыларынын Дональд Трампты күнөөлүү деп тапкан чечимин жокко чыгарууга үндөштү. Адвокат Майкл Коэн аркылуу Сторми Дэниэлске төлөнгөн 130 миң доллар Трамп президент катары кызматка киришкенден кийин адвокатка кайра кайтарылып берилген.

Жогорку Соттун чечими Дональд Трампка каршы козголгон эки кылмыш ишине да таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул – Конгресске жасалган чабуул жана 2020-жылдагы президенттик шайлоодо добуштарды саноодо президенттин кийлигишүүсүнө байланыштуу козголгон иштер. Талдоочулар бул иштер боюнча сот жараяндары 5-ноябрга белгиленген президенттик шайлоого чейин башталбай турганын болжолдошууда.

Теги:
Количество просмотров: 78