• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Жактоочу: Дүйшөбаевди сотко алып келүүгө болбойт, анын  ден соолугу өтө начар

15 Бугу 2024 10:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-майда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумга тергөө абагында жаткан саясатчы, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев ден соолугуна байланыштуу алынып келинбейт. Бул тууралуу анын жактоочусу Акын Авазбеков билдирди.

Анын айтымында, Дүйшөбаевди сотко алып келүүгө такыр болбойт.

«Мен азыр тергөө абагына барып санытардык көзөмөл кылып жаткан дарыгер менен жолуктум. Ал аны бүгүн изодятордон чыгара албайбыз деп жооп берди. Бүгүнкү соттук отурумда да мен анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтирем. Себеби анын абалы начар», — деди жактоочу.

Белгилей кетсек, кечээ 14-майда Дүйшөбекөвдү сот залына көтөрүп келишкен. Кемпир-Абад иши менен айыпталып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаевдин ден соолугу начарлаганына карабай, аны сотко катышууга мажбурлап алып келингени маалымдалган. Санаалаштарынын айтымында, анын кан басымы жогорулап, канындагы канттын көрсөткүчү көтөрүлүп жатат.

Эске салсак, буга чейин Кеңешбек Дүйшөбаев прокуратурага арыз менен кайрылганын, анын жактоочусу Акын Авазбеков билдирген.

Количество просмотров: 77