• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги мушташ: Сот египеттик жарандарды үй камагына чыгарды

20 Бугу 202413:37 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги нааразылыкка себеп болгон 13-майдагы мушташка байланыштуу кармалган египеттик төрт жаран 17-июлга чейин үй камагында болот. Мындай чечимди 19-майда Свердлов райондук соту кабыл алган.

Эске салсак, 17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым интернет колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Количество просмотров: 138