• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

2 жаштагы Егорду аёосуз сабаган жарандын камактан бошотулушу. Судьялар эмне дейт?

14 Бугу 2024 12:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-майда Жогорку соттун судьялары Качыке Эсенканов менен Кеңешбек Токтомамбетов 2022-жылдын февраль айында Сокулукта аёосуз сабалып ооруканага түшкөн 2 жаштагы Егордун иши боюнча чыгарган чечимдери боюнча комментарий беришти.

Судья Качыке Эсенканов сот иштин бардык жагдайларын карап, айыпталуучунун өздүгүн эске алуу менен пробациялык көзөмөл колдонулганын айтат.

«Сокулук райондук соту эки жаштагы Егордун сабалышы боюнча айыпталып жаткан Александр Самаркинди 5 жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Самаркин аталган иш боюнча күнөлүү деп табылып, жалпы режимдеги колонияга камалган. Айыпталуучуга пробация колдонулду. Пробация деген такыр эле жазадан бошотуп салды дегенди түшүндүрбөйт. Айына 2 жолу көзөмөлдөн өтүп турат. Эркиндиги чектелген адам болуп эсептелет. Эгерде эреже бузса жаза өтөөгө милдеттендирилет. Сот иштин бардык жагдайларын карап, өздүгүн эске алуу менен пробациялык көзөмөлдү колдонууну тапкан. Анткени шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар, мурда соттолгон эмес. Бул чечим менен мыйзам бузулган эмес. Сот кабыл алган чечим аткарылууга тийиш. Өкүм былтыр чыккан. Эмне үчүн бул маселе ошол учурда козголбойт?»,-деди Эсенканов.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова комитет жыйынында Жогорку соттун өткөн жылы чыгарган чечимин кескин сындаган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы февраль айында Сокулукта 1 жаш 8 айлык бала катуу сабалып ооруканага түшкөн. Шектүү катары наристенин ата-энесине жумуш берип иштеткен, 1987-жылы туулган Александар Самаркин кармалган.

Бул иш боюнча 2022-жылдын июнь айында Самаркин Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга соттолгон. Кийин облустук сот аталган өкүмдү күчүндө калтырган.

Жогорку сот 2023-жылдын 13-июнунда Сокулук райондук жана Чүй облустук соттору 5 жылга эркинен ажыраткан Александар Самаркинге эки жыл пробациялык көзөмөл колдонуп, камактан бошоткон.

Количество просмотров: 108