Оң рулдуу унааларды мыйзамдаштыруу ушул жылы 1-марттан тарта башталат. Бул тууралуу «Ынтымак» фракциясынын жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, мыйзамдаштыруу процедурасы эки этапта өтөт.
“Оң рулдуу автоунааларды легалдаштыруу жарыялангандан кийин, аларды өлкөгө алып келүү аракети көрүлүүдө. Президенттин жарлыгы карапайым элдин унааларын легалдаштырууга багытталган. Тиешелүү мамлекеттик органдар ушул жылдын 1-мартынан тартып легалдаштыруу жараяны башталары боюнча маалымат беришти. Биринчи бардык керектүү документтери бар унааларды мыйзамдаштыруу, документтери жок, бирок техникалык талаптарга жооп берген машиналарды каттоо каралат ”, — деди эл өкүлү.
Депутат учурда Кыргызстанга оң рулдуу унааларды киргизүүгө тыюу салынганын жана мындан ары өлкөгө алып кирүүгө болбой тургандыгын белгиледи.