• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Обама” кафесинде саясатчыларды тыңшаган “жучок” боюнча иш прокуратурага өткөрүлдү

9 Бирдин айы 2018 10:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.02.2018.Govori.TV

Бишкекте генерал Талантбек Исаев, оппозициячыл депутат Каныбек Иманалиев жана ишкер Мелис Карыбеков жолуккан жерде табылган үн жазуучу аппаратка байланыштуу материалдар шаардык прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, иликтөө кызмат тобу ошол жердеги официантты жана ага тиешелүү кишилерди, администраторду суракка алган. Ошол жердеги официант үн жаздыруучу каражатты коюп койгонун толук мойнуна алды.

“Ага чала тааныш жигит келип берген экен. Аны да «жакшы тааныбайм» деп атат. Ошол материалдардын баарын топтоп, Бишкек шаардык прокуратурасына өткөрүп бердик»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 7 февралда, Бишкек шаарындагы «Обама» кафесинен депутат Каныбек Иманалиев менен генерал Талант Исаевдин сүйлөшүүсүн тыңшаган жучок табылган.

Депутат Каныбек Иманалиев «Обама» кафесинде тамактанып бүтүп чыгып бара жатканда Талант Исаев стол астынан жучок таап чыкканын айтты. Жолугушууда Иманалиев менен Исаевден тышкары парапсихолог Мелис Карыбеков болгон.

«Кафеден чыгып баратканда Талант Исаев жучок таап чыкты. Мен Салянованын сотуна шашып бара жаткандыктан кетип калгам. Талант Исаев кафедеги видеокөзөмөл аркылуу ким жучок койгонун табуу үчүн калган. Жучокту кафе кызматкери коюптур, баланы милиция алып кетти деп айтышты»,-деди депутат.

Депутат саясатчылардын сөзүн тыңшоо УКМКнын гана колунан келгендигин айтты.

«УКМКнын иши экенинен күмөнүм жок. Аңдыса аңдый берсин. Ансыз деле баскан-турганымды аңдып жүрүшөт. Ал жерде саясат тууралуу деле сөз болгон эмес. Депутат Каныбек Иманалиев, Мелис Карыбеков болуп тамактанганбыз. Инимдин туулган күнүнө кирип чыгайын десем да киргизишкен жок»,-деди Талан Исаев.

Ал эми жучокту койгон кафе кызматкерин милиция алып кеткени тууралуу,-«бул ишти аягына чыгарышпайт»,-деп билдирди.

«Кафе кызматкерин суракка алганыбызда, ал сакалчан бир бала келип жучокту коюп койчу деп суранганын айтты. Эми коюп кой десе эле кое бербейт да. Бул кафе УКМК менен кызматташып келгени билинип калды»,-дейт Исаев.

«Обама» кафеси Бишкектеги саясатчылар көп барган кафелердин бири.

Количество просмотров: 3