• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Одесса шаарында эки аяз ата мушташа кетти

19 Бештин айы 201815:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.12.2018.Govori.TV

Кечээ, 18-декабрда Одесса шаарынын борбордук аянтында орнотулган жаңы жылдык балатынын алдында эки аяз ата оозго алгыс сөздөр менен бири-бирин тилдешип, мушташа кетишти.

Алардын мушташкан видеосу  социалдык желелерге тарады.
Балатынын алдында аяз ата менен сүрөткө түшкүсү келген кардарлар үчүн атаандаштык жаралып, кардары аз аяз ата кардары көп аяз атага кол салган. Бирок 50 жаштагы кардары көп аяз ата мурун эрежесиз эр уруш менен машыгып жүргөндүктөн ага кол салган аяз атага татыктуу жооп кайтарган.

Мушташып жаткан Аяз аталарды ал жердеги аяз кыздар ажыратууга аракет кылышып, алдары жетишпегендиктен башкаларды жардамга чакырышкан.

https://youtu.be/y3t_S1SL62Q

Булак: Kyrgyztodey

Количество просмотров: 24