1-октябрдан тарта пенсиялар жогорулатылат. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Токтомдордун жыйынтыгы боюнча 4393 сомго чейин пенсия алган пенсионерлердин, акчасы минималдуу түрдө 350 сомго жогорулайт.
Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында өлкө боюнча пенсиянын орточо көлөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзөт. Ошол эле учурда пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү орто эсеп менен 10,4 пайызы түзөт.
Белгилей кетсек, 648 миң пенионердин пенсиясын жогорулатууга жалпы 744,4 млн сом керектелет. Анын ичинен республикалык бюджеттин эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 73 млн сом, Пенсиялык фондун каражаттарынан 671,4 млн сом бөлүнөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялардын базалык жана камсыздандыруу …