• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Октябрь окуясынын катышуучулары: Жээнбековду, Опумбаевди, Жунушалиевди жоопко тартуу керек

2 Жалган куран 2021 16:05 Бишкек Govori.TV

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында октябрь окуяларынын катышуучулары «Баатыр» деген наам берүү талабын коюп жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта «Кыргыз үмүтү» кыймылынын мүчөсү Самат Өкмөткулов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын 5-6-октябрь күндөрү Бишкекте болуп өткөн окуялардын катышуучулары «Кыргыз үмүтү» аттуу коомдук бирикме түзгөн.

«Биз эч кандай наам алууну көздөгөн жерибиз жок. Жөн гана болуп өткөн окуяга баа берилишин каалайбыз. Себеби, биз кимбиз? революциянерби? мородербузбу? окуяга кандайдыр бир макам берилиши зарыл. Ошондой эле октябрь окуясынын катышуучулары мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабын коюп жатабыз»,-деди Өкмөткулов.

Аталган кыймылдын дагы бир мүчөсү Саламат Алмазбек уулу ошол күнү жаракат алган жарандар дарыланууга муктаж экенин баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө бизге көңүл бурулбай жатканын жакшы түшүнүп турабыз. Себеби парламенттик шайлоого катышкан аткаминерлер дагы деле бийликте отурат. Жаракат алган жарандарга мамлекеттин деңгээлинде жардам керек. Алардын даарылануусуна мүмкүнчүлүк түзүлүп берилиши керек»,-деди Алмазбек уулу.

Маалымат жыйындын катышуучусу Кадыркулов Айбектин Сооронбай Жэнбековдун экс-президент макамы алынышы керектигин айтты.

«Юридикалык жана саясий баа берилиши керек. Жүздөгөн жарандар жаракат алып, чырактай болгон бир балабыз каза болду. Бир балабыз жакында эле көзүн ачты. Өкмөт тарабынан бизге тийиштүү көңүл бурулбай жатат. Буга байланыштуу президентке кат жолдогонбуз бүгүнкү күндө жооп келбей жатат. Ошол күнү элге ок атылган. Ошондуктан Жээнбековдун экс макамы алынып, жоопкерчиликке тартылышы керек»,-деди Айбек Кадыркулов.

Эске салсак, 5-октябрда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандардын массалык нааразычылыгы башталган. Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан. Нааразычылыктар митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Митингчилерди үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатуу болгон. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи меджардам көрсөтүлгөн. Ондогон ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди курчоого алып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан. Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрт чыгарышкан.

Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жараатарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.

Количество просмотров: 396