• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Октябрда футбол боюнча дагы эки оюн өтөт

11 Аяк оона 202416:29 Бишкек Govori.TV


Футбол боюнча улуттук курама команда 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу алкагында өз тайпасында 6-орунду ээледи.

10-сентябрда Кыргызстан курама командасы өзбекстандыктарды кабыл алып 2:3 эсебинде утулууга дуушар болду.

Ал эми Кыргызстан менен «А» тайпасындагы Түндүк Корея менен Катар Лаос өлкөсүндө ойноп, эсеп 2:2 менен тең чыгышты. Ушул эле тайпадагы Иран курамасы Бириккен Араб Эмиратынын курамасын утуп алды.

Экинчи айлампанын жыйынтыгы менен Катар жана Өзбекстан алтыдан упай топтоп, «А» тайпасында биринчи орунга жайгашышты.

Бириккен Араб Эмираты үч упай, Түндүк Корея, Катар бирден упайларга ээ болушту. Кыргызстандын улуттук курама командасы эки оюнда жеңилип калып, азырынча упай жок.

Кыргызстан улуттук курама командасы 10-октябрда Катарда оюн өткөрөт. 15-октябрда Түндүк Кореяны Кыргызстанда кабыл алат.

Количество просмотров: 129