• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Окуу жылынын жана каникулдардын мөөнөтү белгиленди

22 Баш оона 202413:13 Бишкек Govori.TV


Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү буйругуна ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрүндө жана менчик формалардагы мектептерде, 2024-2025-окуу жылы 2024-жылдын 2-сентябрында башталып, 2025-жылдын 26-майында аяктайт. Бул тууралуу аталган министрлик өзү кабарлады.

Каникулду эсепке албаганда окуу жылынын узактыгы: 1-класста — 33 жума, 2-8, 10-класстарда — 34 жума жана 9, 11-класстарда мамлекеттик сынактарды тапшыруу убактысы менен 36 жума болот.
2024-2025-окуу жылындагы каникулдардын графиги:

күзгү каникул — 2024-жылдын 4-10-ноябрь күндөрү өтөт. Сабактар 2024-жылдын 11-ноябрынан башталат;

кышкы каникул — 2024-жылдын 30-декабрынан 2025-жылдын 12-январына чейин болот. Окуу 2025-жылдын 13-январынан башталат;

жазгы каникул — 2025-жылдын 17-23-март күндөрү өтөт, сабактар 2025-жылдын 24-мартынан башталат.

480 сааттык “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасын окуган алты жаштагы балдар үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча эки жумага узартылат. Ал эми 1-класстардын окуучулары үчүн III чейректе каникул күндөрү кошумча бир жумага узартылат.

Количество просмотров: 331