Жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип милиция кызматкери кармалган.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, быйыл 11-декабрда Свердлов райондук милициясынын Балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы билдирме менен кайрылган. Анда Бишкектеги мектептердин биринин 8-классынын окуучусу Ж.А. ноябрь айынын аягында милиция кызматкери менен жакын мамиледе болгондугу тууралуу билдиргени көрсөтүлгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкери кармалган. Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.