• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Окуучуга кол көтөргөн мугалим милицияга жеткирилип, кечирим сурады

16 Үчтүн айы 202617:17 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда мугалимдин окуучуга кол көтөрүп жаткан видеосу тараган. Окуя Бишкекте мектептердин биринде болгон.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматы боюнча, окуя маалымат журналына катталган. Тергөөнүн алкагында 1983-жылы туулган К.Д. зарыл болгон процессуалдык кадамдарды жасоо үчүн милиция бөлүмгө алынып келинген.

«Учурда алдын ала тергөө жүрүп жатат, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды жана окуянын бардык жагдайлары аныкталууда. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, окуяга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык юридикалык баа берилет. Белгилей кетсек, жашы жете элек баланын ата-энеси жазуу жүзүндөгү арыз берүүдөн баш тартышкан жана мугалимге эч кандай дооматы жок», — деп жазылат милициянын маалыматында.

Количество просмотров: 237