3-февралда, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева «Маршал Кавендиш» басмасынын (Сингапур) директорунун орун басары Джой Тан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Cerebry платформасын колдонуу менен окуучуларды PISA-2025 тестине биргелешип даярдоо жөнүндө макулдашууларга кол коюшту. Бул тууралуу мекеменин басма-сөз кызматы билдирет.
Министр Кыргызстан Cerebry платформасындагы жаңы көндүмдөрдү дароо өздөштүрө баштаарын белгиледи.
“Бул – математика жаатында биздин мугалимдерибиздин жана окуучуларыбыздын потенциалын жогорулатуу үчүн биринчи инновациялык санариптик платформа. Бул платформа окуучуларыбыздын PISA тестинен ийгиликтүү өтүүсүнө өбөлгө түзөт деп үмүттөнөбүз”, — деди министр.
Белгилей кетсек, Cerebry платформасы – 13 жаштан 16 жашка чейинки курактагы окуучуларды жекече даярдоо үчүн жасалма интеллектти колдонгон билим берүү платформасы. Ал ар бир окуучунун билим деңгээлине ылайыкташтырылып, түзүмдөштүрүлгөн тапшырмаларды, кеңештерди жана токтоосуз пикирлерди берет.
PISA-2025 сыяктуу эл аралык тестирлөөгө мектеп окуучуларын даярдоодо Cerebry платформасы активдүү колдонулат жана аларга аналитикалык ой жүгүртүүдө, татаал маселелерди чечүүдө ишенимин өнүктүрүүгө жардам берет.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Cerebry платформасына кирүү үчүн 130 000 лицензия алат.