Азыр жасалма интеллект каалаган ар кандай видеолорду жана сүрөтөрдү жасай алат. Троллдор жасалма аккаунттарды, дипфейктерди, жада калса үндү да жасашат. Мындай жасалмаларды кантип таанууга болот? Жоопту ушул видеодон табасыз…
Бул сүрөт чыныгы деп ойлойсуңбу? Ал эми бул видеочу?
Экөө тең жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн.
Жасалма интеллект каалаган сүрөттү жасай алат — жашабаган адамдарды дагы. Бирок эмнеге? Алар алдоо үчүн керек: жарнама, кликбейт, саясий пропаганда.
Ошондой эле алар көбүнчө фейктер үчүн колдонулат.
Алдамчылар жасалма аккаунттарды, дипфейктерди, жада калса үндү да жасашат.
Жасалма интеллект жасаган сүрөттөр жана видеолор акча же маалымат алуу үчүн колдонулат.
Бүгүн жасалма үн же бүтүндөй сюжетти да жаратууга болот. Бул тууралуу биз мурдагы чыгарылышта кененирээк айтып бергенбиз.
Бирок мындай жасалмаларды таанууга болот: ашыкча деталдарды — манжаларды, кыйшык фондорду издеңиз.
Сүрөттү ким жарыялаганын жана ал биринчи жолу кайсы жерде пайда болгонун ар дайым текшерип туруңуз.
Күмөн санап жатасызбы? Окшошун издеңиз же тааныштарыңыздан сураңыз.
Эсиңизде болсун: жасалма интеллект сезимдерди алдашы мүмкүн, бирок акыл-эсти алмаштыра албайт. Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүңүз!
Текшерип жүр, ар дайым — Ойлон!