• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Окуучуну чаап жиберген мектеп директорунун ишин милиция териштирип жатат

10 Жалган куран 2022 16:38 Бишкек Govori.TV

4-март күнү Жети-Огуз РИИБне райондук ооруканадан кабар түшүп, анда 2006-жылы туулган бала денесинен жаракат алып түшкөнү кабарланган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган маалымат райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө, ошол күнү Дархан айылынын орто мектебинде 9-класстар арасында КВН жана спорт мелдеши өткөн. Анда аркан тартышы болуп жатканда баланы эмнеге уят создор менен тилденип жатасын деп, мектептин директору 1985-жылы туулган О.Э. башка чаап жибергени аныкталган. Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы менен тийиштүү юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин «Супер кж» порталына окуучунун туугандары кайрылып, мектептин директору баланы кулакка чаап, тарсылдагы жарылып, кулагы канап кеткенин айтышкан.

“Акбар деген инибиз Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы мектепте окуйт. Ал мектептин спорт залында топ ойноп жатканда чалынып кетип сөгүнүп алыптыр. Ошол учурда ал жерде жүргөн мектептин директору бул үчүн аны кулагына чапкан экен тарсылдагы жарылып кетиптир. Спорт залда инимди уруп жатканы оюнду тартып жатышкан адамдардын телефонуна тартылып калган. Кийин инимди жана дагы бир окуучуну кабинетине алып кирип сабаптыр”, — дейт окуучунун жакындары.

Количество просмотров: 3419