Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров 31-июлда Парижде (Франция) өтүп жаткан Олимпиада оюндарында старт алат.
Азия оюндарынын учурдагы жеңүүчүсү жана 2024-жылкы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Кыргызстандык 1/16 финалдык баскычтан баштап, анын атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва Моралес болот.
27 жаштагы кубалык спортчу дүйнөлүк рейтингде 10-орунда турат жана Олимпиадага түз жолдомо алган. Март айында Австрияда Гран-при жеңип алган, ошондой эле Анталиядагы Чоң шлемде жана Панамерика чемпионатында үчүнчү болгон.
Моралес Панамериканын 5 жолку чемпиону, ошондой эле Панамерикалык оюндардын 3 жолку жеңүүчүсү. Ал Чоң шлемде бир жана Гран-приде төрт жеңишке жеткен.
2014-жылы Кытайда өткөн өспүрүмдөр олимпиадасында коло, 2015-жылы жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта коло байгеге ээ болгон.
Моралес үчүн Париждеги Олимпиада анын карьерасындагы үчүнчү Олимпиада болот. 2016-жылы Риодо 81 кг, Токиодо 90 кг чейинкилер арасында күч сынашкан. Эки жолу тең биринчи раундда утулуп калган.
Карьерасында эки жолу Кыргызстандын спортчулары менен беттешкен. 2015-жылы Минскиде Владимир Золоевди жеңип, 2023-жылкы Мастерс турниринде Эрлан Шеровго утулуп калган.