Жаштар арасындагы дзюдо боюнча Азия чемпионатында 81 кг салмакта Эржан Канатбеков, 100 кг жогорку салмактан Эмирхан Жолдошказиев жеңүүчү болушту. Мелдеш Түштүк Кореяда өтүүдө.
Дагы төрт спортчу коло медалга ээ болушту:
Алина Молдокулова 70 кг
Жанара Жолдошева 57 кг
Мырзайым Дүйшөнбекова 63 кг
Адина Көчкөнбаева 63 кг
Азия чемпионатына 16 өлкөдөн 161 спортчу катышууда.