Бүгүн, 30-июлда Парижде өтүп жаткан Олимпиадада кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов 200 метрге брасс менен сүзүүдө жарым финалга чыкты.
Бул аралыктагы мелдештер 30-июлда Париж Ла Дефенс Аренада өттү. Мелдешке жалпысынан 25 спортчу катышты.
Бардык алдын ала жарыштардын жыйынтыгы боюнча эң мыкты 16 спортчу жарым финалга жолдомо алышты. Петрашов 2 мүнөт 10,99 секунд жыйынтыгы менен 16-орунду ээлеп, 1/2 финалга чыкты.

Бул аралыкта жарым финалдык сүзүү 30-июлдан 31-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:59да башталат.