• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Суучул Денис Петрашов АКШдагы чемпионатта алтын утту

3 Бештин айы 2023 12:18 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча АКШнын ачык чемпионатында алтын медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча федерациясы кабарлашты.

Денис Петрашов 1-декабрда брасс ыкмасы боюнча 100 метр аралыкты 59,46 секундда сүзүп өтүп, алтын медаль жеңди.

Кыргызстандык суучул мыкты жыйынтык көрсөтүп гана тим болбостон, экинчи ирет Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Белгилей кетсек, чемпионат ушул күндөрү Түндүк Каролинанын Гринсбородо шаарында өтүп жатат.

Количество просмотров: 137